Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Идрис Кадыркулов Украинадагы абалдан пайдаланып, Европада калууну каалаган жарандар бар экенин билдирди

04.03.2022 23:03
884
Идрис Кадыркулов Украинадагы абалдан пайдаланып, Европада калууну каалаган жарандар бар экенин билдирди

Эртең, 5-мартта Украинанын Львов шаарынан Польшанын чек арасына чейин кыргыз жарандары үчүн акысыз автобус уюштурулду. Бул тууралуу Украинадагы элчи Идрис Кадыркулов билдирди.


Анын айтымында, Украинадан Кыргызстанга кетүүнү каалаган жарандар аз болууда.


"5-март күнү Львов шаарынан Польшанын чек арасына чейин бекер автобустар уюштурулуп жатат. Кетүүнү каалагандар +380507763494 номуруна жазып, катталыңыздар. Бул маалыматты ар тараптуу булактар жана жарандар катталган социалдык тармактардагы группаларга кабарлап жатабыз. Сиздер да максималдуу түрдө бөлүшүп койсоңуздар. 


Бирок, эмнегедир мекенге кетүүнү каалап, жазылгандардын саны аз болууда.


Жарандардын көбү Украинада болгон окуядан пайдаланышып, Европа өлкөлөрүндө калып калууну көздөп, өз алдынча чек арадан өтүп кетишүүдө. Айрым учурларда Элчилик менен байланышып, “ооба, аты-жөнүбүздү жөнөтөбүз” деп коюшуп байланышка чыкпай койгон учурлар да көп болууда",- деп билдирүү калтырган элчи.


Мындан сырткары, Кадыркулов Кыргызстанга кайтууну каалагандар Элчиликтин аракетине кайдыгер карабай жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн