Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов 2-мартка караган түн Киевде салыштырмалуу тынч өткөнүн билдирди. Бул тууралуу элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бир балалуу кыргыз аял Польшага эвакуацияланды.
"Жакшы жаңылык менен бөлүшүп коюуну туура көрдү. Атышуу жүрүп жаткан Ирпень шаарындагы 2 үй-бүлөнү жалпы саны 10 чакты мекендешибизди Украина аскерлеринин жардамы менен Киевге алып келип, коопсуз аймакка жайгаштырдык",- деди Кадыркулов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн