Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Украинадагы элчи Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды

18.08.2022 10:55
920
Украинадагы элчи Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Украина президенти Владимир Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Украина президентинин расмий сайтында жарыяланды.


Ишеним грамоталарын тапшыруу аземи «София Киев» улуттук коругунда болуп өттү.


Украина президенти Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркуловду кабыл алып, сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Зеленский Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоо боюнча Кыргызстандын чечкиндүү позициясына үмүт артканын белгилеген.


Ошондой эле, Украина менен Кыргызстандын өз ара пайдалуу кызматташтыгын толук форматтуу калыбына келтирүү жана жогорку деңгээлдеги саясий диалогду активдештирүү ниетин билдирген.


«Украинага чет элдик инвесторлорду чакырабыз. Биз согуш тааласында кандай туруштук берип жатканыбызды бүт дүйнө көрүп турат. Биз чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугуна кепилдик беребиз», – деп кошумчалаган Зеленский.


Белгилей кетсек, Идрис Кадыркулов ушул жылдын 25-январында Украинага элчи болуп дайындалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн