Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Кыргызстандын элчилиги күнү-түнү аскердик абалда иштеп жатканын билдирди. Бул тууралуу элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, элчилик кыргыз жарандарын мекенге эвакуациялоо боюнча талыкпастан иштеп жатат.
"Мына ушундай оор абалда айрым адамдар Украинадагы жарандарга жардам деп шылуундук менен алектенип жатат. Жардам берүүнү каалган жарандарга эскертип коюну туура көрдүм. Жардам берүүчүлөр элчилик аркылуу даректүү жардам жөнөтүүнү суранабыз",- деди элчи Кадыркулов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн