Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Украинадагы элчи өлкөдө 68 кыргыз жараны калганын кабарлады

24.03.2022 12:33
381
Украинадагы элчи өлкөдө 68 кыргыз жараны калганын кабарлады


Украинада согуш башталгандан бери Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтин көмөгү менен жалпысынан 718 кыргызстандык коопсуз аймактарга чыгарылды. Элчи Идрис Кадыркуловдун билдиришинче, учурда Кыргызстандын 68 жараны Украинанын аймагында калууда. Айрым жарандар Украинадан чыгуудан баш тартканын, кээ бирлери чечим кабыл ала электигин айтат.


"Бул жакта калгандар Украинанын Киев, Харьков, Львов, Одесса, Ивано-Франковск шаарларында калууда. Алардын арасында украин жарандыгына ээ болгон үй-бүлө мүчөлөрү дагы бар. Мисалы, атасы же энеси кыргыз жараны, бирок уул-кыздары, түгөйлөрдүн бири украин жарандары болгон учурлар бар. Биз аларды дагы мекенге чыгарууга аракет кылып, сунуштарды айтып жатабыз. Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, аскерге чакырууга мөөнөтү келген 18ден 60 жашка чейинки эркек жарандарды өлкө аймагынан чыгарбай жаткан дагы жагдайлар бар. Эч кимге жашыруун эмес, Кыргызстандын жарандыгынан чыкпай туруп, Украинанын жарандыгын алгандар дагы көп", - деди элчи.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн