Украинадагы качкындардын саны 5 миллиондон ашты. Бул тууралуу БУУнун качкындар боюнча комиссариаты билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, эң көп качкындар Польшага багыт алган. Алардын саны 2,8 миллион.
Румынияга 757 миң адам, Россияга 549 миң адам, Венгрияга 471 миң адам, Молдовага 426 миң жана Словакияга 342 миң адам кирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн