Тогуздун айы 23, 2024
Убакыт: 00:07
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Украинадагы кырдаал: 53 миңден ашык адам Россияга эвакуацияланды

21.02.2022 08:32
740
Украинадагы кырдаал: 53 миңден ашык адам Россияга эвакуацияланды

20-февралда Луганск жана Донецк элдик республикасынан Россияга 53 миңден ашык адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып орус маалымат каражаттары билдирди.


Маалым болгондой, көчүрүлүп жаткан жарандар жетим балдар, жаш балдар менен аялдар жана кары-картаңдар. Алар поезд аркылуу азырынча Россиянын 3 облусундагы пункттарга жайгашты. Мындан тышкары, бир нече облус ДЭР жана ЛЭРден келе турган качкындарды кабыл алууга даяр экенин билдирген.


Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Владимир Путин убадалаган  качкындар үчүн 10 миң рублди 700 жаран алган.


Ал арада Луганск жана Донецкте абал курч бойдон калып, атышуу токтобой турат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн