Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:55
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Украинадагы кырдаал: Энтони Блинкен Сергей Лавров менен жолугушуудан баш тартты

23.02.2022 08:31
792
Украинадагы кырдаал: Энтони Блинкен Сергей Лавров менен жолугушуудан баш тартты

Америка кошмо штаттарынын тышкы иштер министри Энтони Блинкен Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушуу бир тараптуу АКШ тараптан жокко чыгарылган.


"Биз Россиянын айрым жарандарына санкция киргизебиз. "Түндүк агым - 2" долбоору токтотулат.

Россия Украинанын эгемендүүлүгүнө кол салды. Мындан улам Сергей Лавров менен жолугушуунун мааниси жок",- деди Блинкен.


Эске салсак, эки министрдин жолугушуусу 24-февралга белгиленген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн