Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Украинадагы кырдаал: Кыргыз жарандары үчүн Европа өлкөлөрүндө болууга 15 күндүк "жашыл коридор" берилген

13.03.2022 18:51
533
Украинадагы кырдаал: Кыргыз жарандары үчүн Европа өлкөлөрүндө болууга 15 күндүк "жашыл коридор" берилген

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Украиндагы кырдаалдан улам Европа өлкөлөрүнө чыккан жарандарга карата 15 күндүк "жашыл коридор" берилгенин билдирди. Бул тууралуу элчи социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.


Ошондой эле элчи Европада калууну каалаган жарандар жоопкерчиликти өздөрү аларын кошумчалады.


"Европанын аймагында биздин жарандар үчүн 15 күндүк "жашыл коридор" берилген. Кимде-ким ал жакта мыйзамсыз калып калууну көздөп жаткан болсо же мыйзамдаштыруу жолу аркылуу калууга аракетин көрүп жатса, жоопкерчилик өзүңөрдө экенин эскертебиз жана чет өлкөлөрдө мыйзамды сактоого чакырабыз",- деп айтылат элчинин билдирүүсүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн