Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Украинадагы кыргыз жарандары Түркия аркылуу мекенге кайтат

07.03.2022 09:48
474
Украинадагы кыргыз жарандары Түркия аркылуу мекенге кайтат

6-мартта Украинадан Молдова – Румыния – Болгария каттамы аркылуу келе жаткан Кыргызстандын 45 жараны Түркиянын чек арасынан өттү. Бул тууралуу КРнын Украинадагы элчичи Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирди.


"Белгилей кетсек, 5-мартта Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин куратору М.Енков менен телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, ал кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча Болгариянын аймагы аркылуу Кыргызстандын жарандары үчүн “жашыл коридор” берилгенин билдирди", - деп жазган элчи.


Кадыркулов билдиргендей, 6-мартта Молдовадан дагы 25 киши автобус менен Түркияга кетишет, ал жерден бардык жарандар мекенине андан ары баруу үчүн жол жүрүү документтерин ала алышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн