Украинадагы кырдаалдан улам 450 миң качкын Польшанын чек арасына өттү. Бул тууралуу Польшанын чек ара кызматына таянып, чет элдик маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата жалпы 450 миң Украина жараны Польшанын аймагына өткөн. Алардын айрымдары Германияга кетүүгө кызыкдар.
Ал эми Донецк жана Луганск облустарынан Россиянын аймагына кирген качкындардын саны кыскарган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн