Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:59
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Украинадан эвакуацияланган кыргыз жарандары Венгрияга жеткирилди

01.03.2022 16:28
405
Украинадан эвакуацияланган кыргыз жарандары Венгрияга жеткирилди

Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандык 112 жаран чек арага жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов  билдирди. 

 

Элчинин айтымында, айрым жарандар каттоосуз 90 күн жүрүү эрежесин бузгандыктан маселе жараткан. Аны элчиликтин кызматкерлери жеринде чечип жатканы кабарланды. 

 

Венгрияга эвакуацияланып бараткан 112 жарандын үчөө жолдон багытын өзгөртүүнү чечип, өз алдынча Польшага кетишкен. 

 

28-февралда Украинанын борбору Киевден 112 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткен. Автобустарды элчилик уюштурган, аларды коштоп элчиликтин эки кызматкери барган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн