Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба НАТО өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берген жок деп билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдады.
Анын айтымында, НАТОго мүчө өлкөлөр өз алдынча гана жардам берген.
"НАТОго мүчө өлкөлөр Украинага өз алдынча жардам берүү менен гана чектелди.
Биз НАТОдон уюм катары жардам күткөнбүз. Ал эми Европа Биримдиги тынчсыздануусун билдирүү менен чектелди",- деди Кулеба.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн