Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Украинанын ТИМи Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркуловду чакырды

21.07.2023 13:30
398
Украинанын ТИМи Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркуловду чакырды


Украинанын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Киевдеги элчиси Идрис Кадыркуловду кечээ, 20-июлда, чакырып санкциядагы товарлардын транзити тууралуу түшүндүрмө сураган. Бул тууралуу Украин ТИМи расмий сайтына жазды.

Анда санкцияларга карабай Россияга курал жасоого колдонулушу мүмкүн делген жогорку технологиялык компоненттерди жана буюмдарды Кыргызстан аркылуу ташылып жатканы тууралуу маалыматтын чын-төгүнү суралган.

Украина ТИМи Кыргызстандан Россияга андай товарлардын реэкспортун "достукка жакпаган" кадам катары караларын айтышкан.

"... РФ Кыргызстан аркылуу реэкспорт жасалган товарларды аскердик техникаларды жабдуу үчүн колдонушу мүмкүн. Муну украин тарап достук эмес мамиле катары баалайт", — деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, шаршембиде Washington Post Ак үй Кыргызстанды Россияга санкция салынган товарларды ташып кирүүсүн токтотууга мажбурлаш үчүн экономикалык чараларды даярдап жатканын жазган.

Ал эми кечээ АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция киргизгени кабарланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн