Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Украинанын батышында 11 конуш суунун каптандысында калды

03.07.2020 13:15
1005
Украинанын батышында 11 конуш суунун каптандысында калды

 

Украинанын батышында 11 конуш суунун каптандысында калып, 202,5 километр жол жана 95 көпүрө жабыркаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Ивано-Франковский, Черновицкий, Львовский, Закарпатский жана Тернопольский облусутарында нөшөрлөп жааган жаан-чачын айылдарды каптаган. Учурда 11 конуш суунун каптандысында калып, калгандары тазланган. Ал эми жаратылыш кырсыгынан 3 адам каза болуп, бирөө дайынсыз болууда.


Мындан сырткары, 202,5 километр жол жана 95 көпүрө жабыркаган. Окуя болгон жерге 20,5 миң кубометр суу, 2,1 миң килограм тамак-аш жана 5 миң литр ичүүчү суу алынып барылган.


Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн 563 куткаруучу жана 195 техника ишке тартылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн