Укук коргоо органдарынын кызматкерлери айлык акы үчүн иштебейт. Бул тууралуу Ноокат, Кара-Суу райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Ага брифинг учурунда укук коргоо органдарына кошумча айлык акы төлөнөбү? деген суроо берилди.
Анын айтымында журналисттерге кошумча айлык акы тууралуу маалыматты укук коргоо органдарындагы тааныштары берген.
“Укук коргоо органдарынын кызматкерлери айлык акы үчүн иштебейт мен муну билем. Албетте айлык-акы керек, аны Ички иштер министрлиги берип жатат. Алар учурда кызмат өтөп жаткан жерлеринде толугу менен тамак-аш жана жеке коргоонучу каражаттар менен камсыз болгон. Ал эми кошумча айлык акы үчүн Ички иштер министрлигинин каржы бөлүмү бул маселени карап жатат. Кесиптештериме айтат элем бул маселе мамлекет тарабынан көзөмөлсүз калбайт”, - деди Нурдинов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн