Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 02:52
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти

15.11.2022 14:45
429
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти

Бүгүн, 15-ноябрда укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти. Ал Ак үйдүн имаратынын алдында турганда алып кетишкен.


Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кемпир-Абад маселесине байланыштуу митинг өткөн. Бирок милициянын эскертүүсү менен катышуучулар Горький паркына кетишкен. Укук коргоочу митингге катышпаганын айткан.


Эске салсак, кечээ Абдирасулова ИИМдин тергөөчүсү тарабынан сүйлөшүүгө чакырылган. Анда укук коргоочуну Кемпир-Абад маселеси боюнча азыраак жазууга чакырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн