Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Уламалар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди каттоо башталды. Бул тууралуу КМДБдан билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргызстан мусулмандарынын курултайы 5-апрелде өтөт.
Талапкерлердин жогорку диний жана светтик билими, КМДБда же 5 жылдан кем эмес расмий диний иш тажрыйбасы болушу керек. Ошондой эле соттуулугу жок, саясий партиялардын же кыймылдардын мүчөсү болбошу шарт.
Документтер 17-мартка чейин кабыл алынат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн