Улан Айтбаев башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Айтбаев Улан Таштемирович башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, ал Кумарбек Токтакуновдун ордуна келди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн