Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:19
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Улан Бакасов: Жашоомдун маӊызы - жардамга муктаждарды колдоо

13.08.2020 17:34
4957
Улан Бакасов: Жашоомдун маӊызы - жардамга муктаждарды колдоо

Бакасов Улан Болотбекович, 1984-жылы Нарын шаарында төрөлгөн.  Эки жогорку билими бар. Бир кесиби энергетик, экинчиси юрист. Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы. 


Жалпы адамзаты туш болгон пандемиянын учурунда Бакасов Улан деген ысым жарк этип чыга калды. Мурун-кийин журтчулукка анча тааныш эмес “Бакасов деген ким?- деген суроо баарыбызды  кызыктырып турган чагы. Анткени, таажы вирусу кекиртектен алып турганда төгүлүп-чачылып, колдон келген жардамын аянбаган ишкерлердин эӊ алдыӊкы сабына чыкты. Нарын облусуна 9 тез жардам унаасы, 70 дем алдыруучу концентратор, миӊдеген беткап, тонналаган ун, азык-түлүк жана башкаларды алып берди. Бул бир эле чети.


Албетте, “аа көрсө депутаттыкка аттанып жаткан турбайбы” деп жоромолдогондор да болушу мүмкүн. Болгону, бир нече жылдан бери эч кимге айтпай, эч жакка жарыялабай элге жардам берип келген Уландын кийинки жардамдарын жардам алган тараптар өздөрү жарыялап жибергенинде болуп жатыптыр. Пандемиянын шартында ким эмне жардам берди деген маселе өзүнөн-өзү ачыкка чыгып кетпедиби. Андан калса колдон-буттан алып колдоп жиберген азаматтарга элдин ыраазычылыгы деген да болот  тура.


Улан баягы мамлекеттик мүлктү менчиктештирип алып байыган олигархтардын деле уулу эмес. Карапайым эле үй-бүлөдөн чыккан. Атасы Болотбек Бакасов инженер, апасы Оморова Нина врач. 


Ишкерчиликти 20 жашында эле, тээ 2004-жылы элден жүн, тери, тыбыт чогултуп  аны Кытайга каттагандарга кошуп өткөрүп баштаган. Ошол маалда жүн-тери чогулткандар мунун да түйшүгү оӊой эмес экенин жакшы билишет. Жаратылышынан оптимист,түйшүктөн качпаган шайдоот, соодасы жүрбөй калса мүӊкүрөп калбаган Улан Бакасов иштин кыйынчылыгына моюн сунган жок. Адегенде Нарын районунун, Нарын облусунун аймагында иш кылып келген болсо, азыр коӊшу өлкөлөргө чейин чыгып, ал турсун Моңголиядан бери  тери-жүн чогултууну конвейерге айлантты. Үзгүлтүксүз сатып алып тура  турган өнөктөштөрдү тапты.  Бул Улан Бакасовдун бизнесинин бир гана багыты. Балык өстүргөн, малды бордоп семирте турган, ийгиликтүү иштеп жаткан фирмалары, интернет клубдары, мейманканалары бар. Кандай кана ишти болбосун тартынбай, тобокелчилигинен коркпой баштаган Уландын колу Америкага чейин жетти. Ал жакта да анча чоӊ болбосо да туруктуу киреше берип турган иштери бар. 


Уландын пикирине караганда ишкерчиликке да өзүнчө шык-жөндөм керек, ишкерчилик жалкоолукту сүйбөйт, түйшүгүнөн качпай, тынымсыз эмгектенсеӊ гана өз натыйжасын берет.


Көп эле ишкерлер кредиттен кредит алып, күн-түнү иштеп тапкан кирешесин  оӊду-солду  жардам сурагандарга кармата бербейт. Тапкан пайдасынын канчанчы бир бөлүгүн муктаждарга ыроолошу мүмкүн.

 

Улан Бакасовдун ой жоруму башкачараак экен. Анын пикиринде дайым эле киреше таба бербейсиӊ. Банкрот болгон күндөрүӊ деле болот. Бирок, дайым жардам бергенди унутпашыӊ керек дейт. Анын ички дүйнө таанымында, айрыкча, кыргызга ашыкча байлыктын деле кереги жок. Эӊ негизгиси сен тааныган, сен жакшы билген, кошуна жашаган адамдар эч нерсеге муктаж болбоого тийиш. Кыйынчылыкка  дуушар болгон  адамга дайым кол сунуп, жеӊилин жерден, оорун колдон алып туруу керек. Мен бизнести өзүмдүн эле эмес башкалардын жашоосун да жакшыртыш үчүн жасайм дейт. 


Улан Бакасовго ырыскыны балким  ошон үчүн да берип жаткан окшобойбу деп да ойлойт экенсиӊ. Он жылдан ашуун убакыттан бери окууга дилгир бирок, мүмкүнчүлүгү жок балдардын контрактын төлөп окутуп келет. Ал эми майып балдар үчүн кам көрүп, ар кандай операцияларды жасатып, муктаждыктарын чечип келатканын эч кимге деле жарыя кылган эмес. Кышы катуу Нарында көмүргө муктаж адамдарга көп жылдан бери эле көмүр түшүрүп берип турат. Кимге эмне жардам бергени өзүнүн деле эсинен чыгып калган. 


Бул жашоодо туу туткан принциптери бар. Ал кыргыз элинин кылымдап келаткан нарк насилдерин кармануу. Кадимки касиеттүү аксакалдардын болушун каалайт. Кыргыздын аксакалдарынын уул-кыздары туруп карылар үйүнө барганын кечиримсиз күнөө катары баалайт. Эмгек, эмгек  жана дагы эмгек ийгиликтин ачкычы дегенди улам кийинки жаштарга айткысы келет. Эс алганга деле убактысы аз. Кышкысын лыжа тээп эс алганды жакшы көрөт.


Кыргызстандын айдыӊында жылдызы жанып чыккан Улан Бакасовдун кыскача таржымалы мына ушундай.


Булак: "Супер-Инфо" гезити

Пикирлер (11)

Коопсуздук коду
Сейдалиева Гулнара
Мен сизден жардам сарайын дегем
Рахат
Байланышайын дегем болсо номерин берип койосуздарбы сураныч
Акыл молдалиев
Уландай патриот жигиттерибиз кооп болсун.Аллах ыраазы болсун!
Гульназ Жусупжанова
Аябай Азамат жигит экен! Жазаган иш аракеттерин окуп алып тан калдым,бул бала депутаттар жазабаган иштерди жазайт экен.Ишине ийгилик,уй булосу менен аман болсун! Жана бар болсун!
Адилет
Ушул коен жон эле койсо болмок арамза, Марс байкенин акчасынан бутуну турган, Нарындык тар Аны билебиз, эки жуздуу Адам Коен