Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:25
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Улан Ниязбеков БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Аткаруучу директору Гада Вали менен жолугушту

16.03.2024 10:19
719
Улан Ниязбеков БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Аткаруучу директору Гада Вали менен жолугушту


Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар боюнча комиссиясынын (ББК) 67-сессиясынын жогорку деңгээлдеги Сегментинин алкагында, Венада (Австрия) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Бириккен улуттар уюмунун  Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Аткаруучу директору Гада Вали менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


ЖМаалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, уюшкан кылмыштуулукка, ошондой эле кибер кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.


Улан Ниязбеков Кыргызстандын укук коргоо ведомствосу Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Программалык кеңсеси менен биргеликте бир катар долбоордук сунуштарды даярдап, Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын колдоосу астында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар болгон ар кандай өнөктөш өлкөлөр менен иш алып барууда деп белгиледи.


Мындан тышкары, ИИМдин башчысы Кыргызстанга расмий иш сапар менен келүүнү сунуштады, анын натыйжасында аймакта жүргүзүлүп жаткан иштерге, актуалдуу көйгөйлөргө, практикалык өз ара аракеттенүү механизмдерине көңүл бурулуп, республикадагы Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын долбоордук портфелин кеңейтүүгө мүмкүндүк берээрин белгиледи.


Өз кезегинде Гада Вали айым өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды, анын ичинде укук коргоо системасын модернизациялоого багытталган реформаларды жогору баалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн