Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:38
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Улан Ниязбеков: Нооруз үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп калды

20.03.2021 10:20
774
Улан Ниязбеков: Нооруз үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп калды

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын ардагерлери, кызматкерлери жана ички аскерлеринин жоокерлери улуттук Нооруз майрамы менен куттуктады.

 

Сиздерди келе жаткан Нооруз майрамы менен ак дилимден куттуктаймын”, - деди министр.

 

Ал белгилегендей, жыл сайын жазында бүткүл эл майрамдоочу Нооруз берекенин, сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп калды.

 

“Нооруз майрамында элибиздин тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке, ак эмгекке чакырган аруу каалоо-тиректериңиздер ишке ашышына тилектешмин.  Ушул кубанычтуу майрам күнү жергебизде бейпилдик, токчулук болуп, улуу Нооруз күнү жаралган ыйык жана таза сезимдериңиздер эч качан өчпөсүн.

 

Жаздын илеби менен келген Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, ишенимге жана турмуштук күч-кубатка толтура берсин!

 

Сиздердин үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин”, - деп куттуктады министр.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн