Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улан Ниязбеков ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту

08.12.2023 18:03
294
Улан Ниязбеков ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту


Бүгүн, 8-декабрда Ички иштер министрлигинде Улан Ниязбеков Түрк мамлекеттер уюмунун  башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Бул туурлауу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков учурдагы тездик менен жүрүп жаткан ааламдашуу, технологиянын өнүгүшү кылмыштуулуктун да транформациялануусуна шарт түзүп, транс улуттук кылмуштуулук, өзгөчө кибер, баңги, мыйзамсыз миграция, терроризм жана экстремизм кылмыштарына өнөктөш мамлекеттердин укук коргоо органдары менен биргеликте каршы туруу негизги орунга ээ экенин белгиледи.


Бул көрсөтүлгөндөрдүн негизинде ТМУнун курамындагы мамлекеттердин укук коргоо органдары, өзгөчө Ички иштер министрликтери/полициялары ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү менен тыгыз иш алып баруу мезгилдин талабы болууда.


Ошондуктан, белгиленген кылмыштарга каршы өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, биргелешип өткөрүү иш-чараларын өнүктүрүү максатында КР ИИМи уюмга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин/полицияларынын жетекчилери менен 2024-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда жолугушууну уюштуруп, кызматташуу маселелерин олуттуу карап, биргелешкен иш-аракеттердин келечегин талкуулоо демилгесин билдирди.


Өз кезегинде башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев ИИМдин демилгесин колдоп, мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргиликтүү иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын маалымдады.


Жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы мүмкүн болгон кызматташтыктын багыттары талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн