Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 17:48
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Улан Примов Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер менен жолугушту

18.11.2024 15:32
89
Улан Примов Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер менен жолугушту


Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин Улуу Британия парламенти менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси Жанарбек Акаев, Улуттук демократиялык институтунун директору (NDI) Дэн Редфорд, Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев катышты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөө, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.

Өз сөзүндө комитет төрагасы Улан Примов Кыргызстан жашыл экономиканын алкагындагы гидроэнергетика, кайра жаралуу энергетикасы сындуу долбоорлорго инвестиция тартуу үчүн болгон жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр деди. “Учурда Кыргызстан трансчекаралык транспорттук коридорду жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Борбор Азиядагы экономикалык интеграцияны күчөткөн жол тармагын жана темир жол транспортун модернизациялоо секторуна британиялык инвесторлорду көңүл бурууга чакырабыз”, - деди ал.

Өз кезегинде элчи Николас Боулер билим берүү, кыргызстандыктарды Англияда жумушка орноштуруу боюнча көрсөткүчтөр жогорулаганын айтты. Элчи ар башка тармактар боюнча узак мөөнөттүү программаларды жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды күтөрүн кошумчалады.

Депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеңеш Улуттук демократиялык институт менен кызматташууну күчөтүү жаатындагы маселени көтөрдү. “Уюмдун көмөгү менен маанилүү мыйзам долбоорлору боюнча экспертиза жүргүзүлүп, ал натыйжасын берип жаткан эле. Мындан ары да сапаттуу мыйзам долбоорлорду кабыл алуу үчүн NDI колдоо көрсөтсө”, - деди Жанарбек Акаев.

Жолугушуу соңунда эки тараптуу кызматташуунун тармактары жана багыттары аныкталып, сунуштар берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн