Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:04
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Улан Примов, ЖК депутаты: “Бүгүнкү күндө миңге жакын адам мүлктөрүн легалдаштырууга тапшырды”

26.02.2024 14:11
1441
Улан Примов, ЖК депутаты: “Бүгүнкү күндө миңге жакын адам мүлктөрүн легалдаштырууга тапшырды”


- Улан Бердибаевич, өткөн жумада Садыр Жапаров өз мүлктөрүн легалдаштырып, башкаларды да ушуга чакырды. Президентибиздин бул демилгеси канчалык колдоо табат деп ойлойсуз?


- Мен албетте, колдойм. Бул баарына чоң мүмкүнчүлүк берет. Башкалар да учурду пайдаланып, мыйзамды колдонуп, мүлктөрүн легалдаштырып алышса аябай туура болот. 


- Активдерин өз ыктыры менен легалдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алынса да эл арасында “дагы кандай болот?” деген бир аз чочулоо бар. Эми ал күдүктөнүү жоголоруна ишенсек болобу?


- Биздеги маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө миңге жакын адам мүлктөрүн легалдаштырууга тапшырды деп атышат. Андыктан, мен ойлойм, бул сөзсүз өз натыйжасын берет. Мыйзам иштеп, легалдаштырылган бардык маалыматтар купуя сакталып, мамлекет тарабынан кепилдик берилиши керек. Ошондо биздин жарандарыбыз жапырт туура кадамга барат деген пикирдемин. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн