Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 20:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Улан Жумаков: Айзаданын уурдалышын ыкчам иликтөөгө мыйзам тоскоол болду

08.04.2021 10:06
1563
Улан Жумаков: Айзаданын уурдалышын ыкчам иликтөөгө мыйзам тоскоол болду


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Жумаков  27 жаштагы Айзаданын уурдалышы боюнча ыкчам иликтөө иштерине  мыйзамдагы бюрократия тоскоол болгон. Бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, ыкчам тергөө кызматкерлерине  мобилдик байланышка токтоосуз мүмкүнчүлүк берүү керек. 


"Айзаданын өмүрүн сактап кала албаганыбыз үчүн кечирим сурайм жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.


Бирок мен дагы жеке оюмду айткым келет: оор кылмыштар үчүн ыкчам иликтөө кызматкерлерине мобилдик байланышка токтоосуз мүмкүнчүлүк берүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Бул бюрократия ыкчам кызматкерлердин колун байлап алган. Алар тергөө буйругусуз бир кадам жасай алышпайт, эч кандай документтерди жана протоколдорду түзө алышпайт, атүгүл окуя болгон жерде текшерүү жүргүзүлбөйт, ошондой эле шектүүлөрдү жеке текшерүү жүргүзүлбөйт, бул тергөө буйруктарын бардык жерде алыш керек.


Тергөө жүргүзүү ордуна кызматкерлер  уруксатты алуу үчүн ыкчам иликтөө кызматкерлери прокуратурага, андан кийин сотко чуркап жүрөт",- деп билдирди Жумаков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн