Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Далиев Уланбек Эшенович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров аркалап келген. Ал президент кол койгон жарлыкка ылайык кызматынан бошотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн