Кулжа 29, 2024
Убакыт: 10:47
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Уларбек ШАРШЕЕВ, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси: “Марат Бакиев 2014-жылы Кыргызстанга келип, чек арадан өткөндө Жалал-Абад ИИБне өткөрүп бергенбиз”

26.06.2024 16:10
1249
Уларбек ШАРШЕЕВ, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси: “Марат Бакиев 2014-жылы Кыргызстанга келип, чек арадан өткөндө Жалал-Абад ИИБне өткөрүп бергенбиз”


-  Уларбек Зарлыкович, биз сизди атайы издеп келдик. Маек берүүгө макулдук бергениңиз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңүзгө белгилүү болгондой, мурдагы Баш прокурор Байтемир Ибраев Бакиевдин инилери мурда эле Кыргызстанга келген деп билдирүү берди. Маратбек Бакиевден маек алсак, ал 2014-жылы эле келгенин өзү да тастыктады. Сиз чек ара кызматынын башчысы катары айтсаңыз, Бакиевдин инилери качан, кайсы жылдары келишти эле? 


-  Рахмат сурооңузга. 2016-жылы мен чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары болуп турганымда Салиев Марат Салиевич деген ат менен Беларуссиянын паспорту менен Оштун «Достук» чек ара постунан бизге кирип келе жаткан жеринен Бакиевдин иниси Марат Салиевич экенин чек ара кызматкерлери таанып, Жалал-Абаддын Ички Иштер Башкармалыгына өткөрүп бергенбиз. Эртеси эле чыгарып жиберишти деген кабар келди. Эмнеге деп сурасак, издөөдө эмес экен деп жооп беришти. Мен билгенден 2016-жылдан бери эле келип, кетип жүрөт. Андан аркысын мен айта албайм. Анткени мен 8 жылдан ашык убакыттан бери чек ара кызматын жетектеп келем.


Булак: media-center.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн