Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улукбек Кочкоров: “Кыргызстанга өз акылы менен жашап, өзүнүн экономикалык ыкчам өнүгүү жолун табууга убакыт жетти”

05.09.2020 10:43
2429
Улукбек Кочкоров: “Кыргызстанга өз акылы менен жашап, өзүнүн  экономикалык ыкчам өнүгүү жолун табууга убакыт жетти”


Кечээ, 4-сентябрда Жогорку Кеңешке шайлоого аттанган “Биримдик” демократиялык-социализм-евразиялык тандоо” партиясы мыйзамда белгиленгендей үгүт иштерин расмий баштады. Партиянын үгүт иштерин баштоо иш-чарасы борбор шаарыбыздагы Жеңиш аянтында ѳттү. Тѳмѳндѳ “Биримдик” партиясынын тизмесинде талапкер катары алдыңкы ондукта бараткан, мурдагы Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун аталган иш-чарада сүйлѳгѳн сѳзү.  


Биздин партиянын башкы милдети жарандардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кыла турган социалдык мамлекетти куруу болуп эсептелет. Ошондуктан биз социалдык саясатка өзгөчө көңүл бурабыз.


Ѳлкѳнүн социалдык чѳйрѳдѳгү эң маанилүү улуттук кызыкчылыктары – калктын жашоосунун жогорку деңгээлин жана сапатын камсыз кылуу. Бул – жашоо үчүн зарыл болгон керектѳѳ минимумуна шайкеш келген, калктын  акчалай кирешесинин өсүү динамикасы.  Бул адамдардын – жашоо  жана иштөө чөйрөсүнүн сапаты. Бул – турак -жайдын жеткиликтүүлүгү. Калктын бардык катмарына жогорку сапаттагы саламаттыкты сактоонун, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү!


Буга байланыштуу, социалдык чөйрөдө биз ишке ашыра турган башкы милдеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

социалдык адилеттүүлүк принцибин камсыз кылуу;

калкты жумуш орундары менен толук камсыздоо жана калктын реалдуу акчалай кирешесин жогорулатуу. Убактылуу жумушсуздарга минималдуу керектөө бюджетинен төмөн эмес жөлөк пул  берүү;

• Жарандардын адилеттүү эмгек акы алууга болгон конституциялык укугун жүзѳгѳ ашыруу; айлык акынын, пенсиянын, стипендиянын, жөлөк пулдун ѳлчѳмүн жарандардын биринчи кезектеги муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүнчүлүк берген деңгээлге чыгаруу.  

 • социалдык коргоонун даректүү системасын өнүктүрүү, мындай колдоо биринчи кезекте жетим балдарга, майыптарга, улгайган жалгыз бой жарандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, кызматтык милдетин аткарып жатып жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүүгө тийиш;

- калктын бардык катмарын жогорку сапаттагы медицинага, билим берүүгѳ жана турак жайга болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

-  социалдык турак жай программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- үй-бүлө институтун чыңдоо программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

энени жана баланы коргоонун атайын программасын ишке ашыруу;

• жаш жарандарды укуктук жана социалдык жактан коргоону камсыз кылган мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу;


Адамдык жана социалдык капитал – бул экономиканы өнүктүрүүнүн негизги факторлору, ал эми өнүккөн экономика – бул адамдык жана социалдык капиталды өнүктүрүүнүн жагымдуу шарты болуп саналат.


Кыргызстан өзүн демократиялык, укуктук жана рынок экономикасы бар социалдык мамлекет деп жарыялаганына отуз жыл болду. Ал эми жарандарыбыз дагы эле демократиялык эркиндикти, укуктун үстөмдүгүн жана экономикалык кереметти күтүп жашашууда. Жетишилген натыйжалар эл күткѳндѳй болбой калды. Калктын жумушка жарамдуу үчтөн бир бөлүгү үй-бүлөсүн, жакындарын багууга каражат табуу үчүн өлкө аймагынан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Алар ал жакта укуксуз жашоо менен күн көрүүдө. Элдин көңүл калганы жетер чегине жетти. Биздин мамлекеттүүлүгүбүз коркунучта.


Басып ѳткѳн жолубузга, ѳлкѳбүздүн азыркы абалына жана дүйнөлүк экономикадагы ордуна туура баа берүүгѳ мезгил жетти.  Глобалдуу дүйнөдөгү болуп жаткан процесстердин бийиктигинен алганда ѳлкөнүн мындан ары өнүгүү багытын аныктап алышыбыз зарыл.


Учурда биздин экономиканы кайрадан индустриялаштыруу абдан зарыл болуп турат. Биз жаңы ишканаларга, жаңы технологияларга муктажбыз. Мунун баарына азыркы ѳнүгүү шарттарынын алкагында эч качан жете албайбыз. Демек, мамлекеттик башкаруу, коомду социалдык жактан уюштуруу принциптерин түп тамырынан реформалоо зарыл.


Биздин экономикабыздын структурасына жана жалпы коомубузга кѳңүл бурулбай, баш аламандык жаралганын эске алсак, айтылган реформаны этап-этабы менен жүзѳгѳ ашыруу ѳтѳ маанилүү. Анткени, ал терең ойлонулган пландын негизинде жүргүзүлүп,  бардыгына түшүнүктүү болушу керек. Пландын ѳзү глобалдык экономикада жүрүп жаткан процесстерге, моделдерге  таянышы зарыл. Бул план – экономиканы ыкчам, туруктуу ѳнүктүрүүнүн заманбап теориясына жана практикасына негиздениши керек. Бул план – биздин ѳлкѳнүн тарыхый, геосаясий, менталдык-маданий ѳзгѳчѳлүгүн эске алуу менен, ѳзбүздүн жеке тажрыйбабызга таянышы керек.  


Буга байланыштуу өлкөнүн экономикасын туруктуу ѳнүгүүгѳ алып чыгуунун, тѳмѳнкү  концептуалдык ырааттуу жолу сунуш кылынат:


1. Стратегиялык пландоо жана бийликтин бардык бутактарындагы жетекчилердин жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчилиги каралган мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл.

2. Ѳлкѳнүн 30-40 жылдык узак мѳѳнѳттүү ѳнүгүүсүн аныктаган, аны артыкчылыктуу 5-жылдык этаптарга бѳлүү  менен ѳнүктүрүүнү кѳздѳгѳн, стратегиялык планды түзүшүбүз керек.

3. Жылдарга жана айларга карата тыкыр түзүлгѳн, 5 жылдык индикативдүү пландоо зарыл.


План өкмөт тарабынан, илим жана бизнес менен биргеликте түзүлөт. Бизнес өзүнө өндүрүштү модернизациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгарууга милдеттенме алат. Илим, багыт берүү жана мониторинг жүргүзүү, кадрларды даярдоону ишке ашырат. Жергиликтүү бийлик органдары инфраструктурага жана ресурстарга баарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. өкмөт улуттук банк менен биргеликте тышкы саясий, макроэкономикалык жана башка шарттарды камсыздайт.


Жүргүзүлүп жаткан реформалар мына ушунда гана баарына так жана түшүнүктүү болот.

4. Башкаруудагы максаттуу кредиттик эмиссиянын көп каналдуу системасын түзүү.


Акча максаттуу түрдө ата-мекендик өндүрүүчүлөргө жетүүгө жана алар чыгарган продукцияга болгон суроо – талапты камсыздоого тийиш. Ыйгарым укуктар берилген өнүктүрүү институттары  аркылуу, бардык индикативдүү пландарды жүзөгө ашыруудагы тараптардын жоопкерчилигин аныктоо зарыл.


5. Тармактык жана фундаменталдуу илимди ырааттуу өнүктүрүү жана индикативдүү планды ишке ашыруу үчүн кадрларды даярдоо керек.

Тобокелдиктерди азайтуу максатында, айрым жерлерде “сынап кѳрүүлѳр” формасындагы, пилоттук долбоорлордон баштоо сунуш кылынат. Биз “Калктын реалдуу акчалай кирешесин максаттуу түрдө жогорулатуу жана КРны 2020-2025 – жылдарда туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү” концептуалдуу улуттук долбоорун партиянын социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруу механизминин негизи кылып алабыз.  


Долбоор калктын реалдуу акчалай кирешесин максаттуу жогорулатууну көздөйт. Ал ата-мекендик ѳндүрүштү колдоого алат.  Ал экспорттун потенциалын кеңейтүүдѳгү жана импортту алмаштыруудагы, ошондой эле – энергетиканы, айыл чарбасын, өнөр-жайды, транспортту модернизациялоодогу мамлекеттин жѳнгѳ салуу ролун жогорулатат.


Экономиканын сырьелук мүнөзүн жоюуга, экономиканы жана жеке ишкерликти жандандырууга өбөлгө жаратат.            Кыргызстанга өз акылы менен жашап, өзүнүн  экономикалык ыкчам өнүгүү жолун табууга убакыт жетти!


Саясий түзүлүш.


Кыргызстандын саясий системасындагы эгемендүүлүктүн алгачкы 20 жылынын ичиндеги кемчиликтер 2005 жана 2010 - жылдардагы элдин массалык нараазычылыктарына алып келди, анын натыйжасында өлкө парламенттик республиканы курууга бет алды.


Муну менен бирге өлкөдөгү туруктуу саясий системаны түзүү иши Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган бийликти менчиктеп алууга жол бергис чаралардын системасын калыптандыруу боюнча пландаштырылган иш-чараларды ишке ашырууну  талап кылууда.


Бул жаатта биздин милдет өлкөнүн мамлекеттик бийлигиндеги негизги роль парламентке жана ал шайлаган өкмөткө таандык болгон парламенттик башкарууга өтүүнү аяктоо болуп саналат.


Парламенттик көпчүлүк тарабынан түзүлгөн аткаруу бийлиги Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталган артыкчылыктуу багыттарга ылайык өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга тийиш.

 

Парламент тарабынан түзүлгөн Өкмөт жана ошондой эле аны менен кошо парламенттик көпчүлүк да өзүнүн ишмердүүлүгү үчүн саясий жоопкерчилик тартууга тийиш.

 

Өкмөт, министрликтер жана ведомстволор партиялык тар кызыкчылыктардан улам кабыл алынган чечимдерден корголгон болууга тийиш. 


Мамлекеттик башкаруу системасындагы негизги звено болуп кесипкөй кадрлар эсептелет. Кесипкөй кадрларды даярдоо жана тандап алуу боюнча мыйзам чыгаруу жана башка механизмдерди түзүү ѳтѳ зарыл деп эсептейбиз. Кадларды ѳстүрүүнүн ачык-айкын механизмин кеңири пайдалануу жана бийлик системасына  киргизүү мезгил талабы.   

 

Чиновниктердин карьералык өсүшү милдеттүү түрдө кесиптик мураскерликти сактоо менен мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин ырааттуу басып өтүү менен коштолууга тийиш.


Стратегиялык пландаштыруу жөнүндө мыйзам жана бийликтин бардык бутактарындагы кызмат адамдарынын жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам кабыл алуу зарыл.  


 Биз коррупцияга, паракорчулукка жана “жең ичинен колдоого” мына ушундай жол менен гана бөгөт коё алабыз.  


Жаңы технологияларды эске алып, бийлик менен коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын дайыма киргизип, кеңейтип туруу маанилүү. Жергиликтүү коомчулук, жарандык сектор бийликтин жергиликтүү органдарынын ишине көзөмөл жүргүзүүнүн, таасир этүүнүн жана аларды кайрадан чакыртып алуунун реалдуу механизмдерине ээ болушу керек. 

 

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Жанышбек
Улукбек Кочкорвтун партиясы отуп калса келечекте премьер министр андан кийин президент болот буюрса
Козубаев Азамат
Жалгыз эле Баткен чек арасы эмес буткул Кыргызстанга кызмат кылат деп ишенем эл учун куйгон инсан
Ормонов сүйүн
Чек араны чечүү менин биринчи пикирим
Алимбек
Улукбек Коч коров президент болсо жакшы болмок молодец
Алиева Самара Орунбаевна
Улукбек Кочкоров ырчы Айгерим Расул кызына карантин убагында элге жардам бергени үчүн Айгеримди диплом менен сыйлаганын көрүп Улукбек Кочкоровту маладец дедим
Ашырбаева Кумушай Набиевна
Улукбек Кочкоров элибиз кандай кыйын карантинде турган убакта эл мн туздон туз байланышта болуп турганда ыраазы болдук , улукбкк Кочкоровдой инсандар кыргызстаныбызда коп болсун ,Биримдик партиясына иштерине имйгилик каалап кетет елем,. Карапайым элдин койгойун чечкен элибиздин конулуно туз караган , улукбек Кочкоровдун иштерине иийгилик каалап кетебиз !!!