Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:39
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Улукбек КОЧКОРОВ: Мырзалар, эркектик касиетибизди сактабайлыбы!

31.03.2020 22:20
1332
Улукбек КОЧКОРОВ: Мырзалар, эркектик касиетибизди сактабайлыбы!


Учурда планетабызга келген сыноо бизди да сынап турган учур. Жардам сурап кайрылгандар көбөйдү. Албетте, баарынын муктаждыгын чече албасак дагы, арасынан өтө муктаждардарына бир катар кайрымдуу инсандардын, кайрымдуулук фонддордун жардамы менен ун, май, азык-түлүк менен жардам берип жатабыз.


Мени өкүндүргөнү, жардам сурап кайрылгандардын 75-80 пайызы балдарын бага албай жаткан жалгыз бой аялдар экени. Көп балалуу, майып балалуу, айтор, баары эле тагдырдын запкысын тарткан жалгыз бой бактысыз энелер. Жөлөк болоор жолдошу, сүйөнөөр күйөөсү жок карып болгон айымдар. Атанын тарбиясына, колдоосуна зар, жол караган күнөөсүз балдар.


"Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты" деп акын апабыз Майрамкан Абылкасымова таамай айткан.


Урматтуу мырзалар! Эркектик касиетибизди сактабайлыбы!


Аял бизге аманат. Акыретте алардын жоопкерчилиги сөзсүз болот. Жашоо өзү жеңил эмес. Үйлөндүңбү, балалуу болдуңбу, калган жашооңду да ошолор менен өткөр. Аларга жакшы күндөрдү тартуула, тукум ула! Аялын, балдарын таштап кетип, башка жактан бакыт тапкан эркек болгон эмес, болбойт дагы...


P.S. Учурдагы абалды эске алып, азык-түлүктөн кыйналган жарандарыбызга жардам берүү максатында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында банк эсебин ачтык. Кайрымдуулук кылам деген инсандар, ишкерлер, уюмдар, ишканалар колунан келген акчалай жардамын салса болот. Түшкөн каражатка азык-түлүк сатып алып, муктаждарга жардам берилет. Сыноону чогуу жеңели!


ИНН 01003199710041
БИК 440001
ЭСЕП 4402011103034541
БАНК: Финансы министрлигинин Борбордук казначейи
Төлөө коду: 14511900


Улукбек КОЧКОРОВ, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гулшат Раманкулова
Жардам керек.0704132613тел нөмер