Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Улукбек Кочкоров: “Биримдиктин” өлкөнү өнүктүрүү багытында так программасы, максаттары бар

08.09.2020 11:35
1669
Улукбек Кочкоров: “Биримдиктин” өлкөнү өнүктүрүү багытында так программасы, максаттары бар


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынан өлкөнү өнүктүрүү багытында так программасы, максаттары бар. Мындай пикирин аталган партиядан шайлоого аттанган Улукбек Кочкоров Баткендин эли менен болгон жолугушуусунда айтты.


Ал ѳз сѳзүндѳ бийлик, ѳкмѳт кылат деп эле отура бербестен, ар бир жаран колунан келген иш-аракеттерди кылып, ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүнѳ салымын кошушу керектигин белгиледи.


“Бийликке сын айтып,  четте карап турганыбыз болбойт. Биз бардык кемчиликтерибизди анализдедик, кандай кылганыбызда  өлкөбүздүн жашоосу жакшы нукка бурулат? – деген суроого жооп издедик. Биздин партиянын так программасы, ѳлкѳнү ѳнүгүү багытында багыты, максаттары бар. Бизге программалык максаттарды жүзѳгѳ ашыруу үчүн  сиздердин колдооңуздар керек. Ошон үчүн алдыдагы шайлоодо «Биримдик» партиясына добушуңуздарды берип, ѳлкѳбүздүн жаркын келечегин тандоого чакырам», - деди Улукбек Кочкоров.


Жолугушууда партиянын дагы бир талапкери Мамыржан Рахимов да сѳз сүйлѳп, шайлоочуларды колдоого чакырып ѳттү. Ал жаш,  идеяга бай партия  Кыргызстандын  экономикалык,  социалдык жактан өнүгүүсүнө, Баткен облусунун элинин турмуш шартын жакшыртууга ѳз салымын кошоруна ишендирип кетти. Рахимовдун белгилѳѳсүндѳ, «Биримдик» партиясынын ѳлкѳнүн аймактарын ѳнүктүрүү багытында реалдуу программасы бар.


Андан кийин партияны, талапкерлерди колдоо сѳздѳрү менен аймактын акскалдары, аттуу-баштуу инсандары сөз сүйлөдү. Алар “Биримдиктен” шайлоого аттанып жаткандардын буга чейинки эл үчүн кылган эмгектерин айтышып, мындан ары да эл үчүн кѳптѳгѳн иштерди кыла беришерине тилектерин билдиришти. Партияга, талапкерлерге жеңиш каалашып, ак баталарын беришти.


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Маматова Айнагул
Мен силерге биринчи орунда ден-соолугунар чын болушун каалайм .Ишинерге ийгилик каалайм ,элдин балдары болуп Кыргызстанды алдыга жылдыргыла! Силерге ак жол!