Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:24
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Улукбек Кочкоров: Бийликти бандиттер басып алды

17.11.2020 14:20
437
Улукбек Кочкоров: Бийликти бандиттер басып алды


Интернет булактарда мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун үнү деген аудиожазуу тарады. Аудиожазууда "Кочкоровмун" деген адам азыр бийликти бандиттер басып алганын жана Адахан Мадумаровду колдоо керектигин айткан.


"Мен Улукбек Кочкоровмун. Мен алдын адашып жүргөн экемин. Көрсө Адахан агай ушул күнгө чейин айтып да жүрчү эле, ишенген эмес экемин, эми көзүм ачылды. Ошондуктан мен “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кимсанбаевичти колдоп чыктым. Бир гана Адахан Мадумаров ушул туңгуюктан Кыргызстанды алып чыга алат экен. Келгиле, биргеликте, күч бирдикте аракет кылбасак ар бирибиз, көрүп жатасыңар мамлекетибизди бандиттер каптап басып алды”, – деген  Улукбек Кочкоровдун үнүнө окшош аудиожазууда.


Булак: kyrgyztoday.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн