Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:13
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Улукбек Кочкоров: Чек аранын чечилбей жатканына туруксуз бийлик жана стратегиялык пландын жоктугу себеп болууда

03.02.2022 10:07
1216
Улукбек Кочкоров: Чек аранын чечилбей жатканына туруксуз бийлик жана стратегиялык пландын жоктугу себеп болууда

Мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров чек ара тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосунун эфиринде айтты.


Анын айтымында, чек араны чечүү үчүн саясий эрк жана план керек.


"Тажикстан чек аранын чечилбей жатканына кызыкдар. Анткени Кыргызстанда өкмөт улам жыл сайын алмашат, президент беш жылда алмашат. Ал аралыкта чыр-чатак чыгып алар уламдан-улам протоколдун негизинде эле кыргыз жерине кирип келе жатат.

Аларда 30 жылдан бери бир бийлик башкарып келе жатат. Алардын чек ара боюнча стратегиялык планы бар. А бизде бири келип эми чечкенче ал кетет. Ал дагы бир протоколго кол коюп берет.

Мына ушунтип жаңжал чыгып, алар дагы өз кызыкчылыгы үчүн туруксуз кыргыз бийлигин пайдаланып жатат",- деди Кочкоров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн