Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.
"Конституциянын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамынын 24- беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин өзү жазган арызынын негизинде кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды жана ал Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн