Бугу 08, 2024
Убакыт: 03:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Улукбек Кочкоров Ташиев менен Мариповго кайрылуу жасады

05.02.2021 20:39
2321
Улукбек Кочкоров Ташиев менен Мариповго кайрылуу жасады

Мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычынын каналынын башы Тажикстанга  өтүп кетти деген маалымат боюнча бийлик  жооп берип коюшун талап кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.А.МАРИПОВГО, Мамлекеттик чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын жетекчиси, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы К.К.ТАШИЕВГЕ

Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычына келчү каналдын башаты (Головной) боюнча Улукбек Марипов сиздин сөзүңүз коомчулукту, өзгөчө Баткен элин дүрбөлөңгө салып койду. Өкмөттүн Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Головной боюнча билдирүүсү жергиликтүү элди канааттандырган жок. "Губернатор билбей калышы да мүмкүн, маселени Өкмөт өзү эле чечип койгондур" дешип, күмөн санашууда. 

УЛУКБЕК АСАМИДИНОВИЧ,

КАМЧЫБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ!

Эгерде чын эле суунун башаты кошуналарга өтүп кеткендигин тастыктаган кандайдыр бир документтер бар болсо анда, буга жол берген тиешелүү жетекчилерди тез арада жоопкерчиликке тартыш керек жана башатты кайра кайтарып алуу боюнча ыкчам аракеттерди жасаш керек. 

Эгерде айтылган сөз негизсиз, калп болсо анда, кошуна элдердин "чырагына май тамызган" сөзүңүз үчүн токтоосуз элге чыгып, кечирим сурашыңыз абзел.

Мындан сырткары, ар бир мамлекеттик кызматкерди чек ара маселесинде өтө этият болууга чакырам!

"ЖАҢЫ ДООР" саясий партиясынын төрагасы

Улукбек КОЧКОРОВ

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Каныбек
Улукбек Кочкоровдой таза иштеген министр келсе болмок бийликке келбей жатып жерди бергени кандай булардын бир метр жер берилбейт деп жатышты элего