Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Улукбек Кочкоров: Түзүлгөн протокол ишке ашса, Ак-Суу дарыясы тажик тарапка өтүп кетүү коркунучу бар (видео)

11.05.2021 14:47
2447
Улукбек Кочкоров: Түзүлгөн протокол ишке ашса, Ак-Суу дарыясы тажик тарапка өтүп кетүү коркунучу бар (видео)

Тажикстан менен келишилген протоколду ишке ашыруунун кереги жок. Мындай пикирин мурдагы министр Улукбек Кочкоров билдирди. 


Анын айтымында, жаңы жол куруу сунушун Тажикстан 30 жылдан бери көтөрүп келген. Анткени алардын кызыкчылыгы жол менен суу. 


"Бул протоколду ишке ашыруунун кереги жок. Ансыз деле азыр Баткендин балансына таандык Хожа-Аъло айылы менен Ворухту бириктирген жол бар. Анда кыргыз тарап тажиктердин коопсуздугуна жоопкерчиликтүү. 


Эгер бул протокол ишке аша турган болсо, 140-150 миңдей Лейлек районунун жана Баткен районунун тургундары анклавда калып кетүү коркунучу бар. Тажик тарап бул сунушту 30 жылдан бери эле көтөрүп келе жатат. 


Жаңы жол курулса Ак-Суу дарыясын бойлой курулуп, дарыя тажик тарапка өтүп кетүү коркунучу бар. Алар суу менен жолду алса, кийин эч кандай сүйлөшүүгө макул болбойт",- деди Кочкоров.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн