Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Улукбек Кочкоров баштаган топ Баткен облусуна жардам көрсөттү

21.05.2021 20:52
2564
Улукбек Кочкоров баштаган топ Баткен облусуна жардам көрсөттү


Улукбек Кочкоров баштаган топ баткендиктерге күнүмдүк керектелүүчү буюмдар жана акчалай жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Кочкоров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


Маалыматка ылайык, штаб 20 495 830 сомдук тамак-аш, күнүмдүк керектелүүчү ар түрдүү буюмдар чогултуп, алар Баткен, Лейлек райондоруна даректүү жеткирилип турган. Мындан сырткары акчалай 955 665 сом чогулуп, штабдын жетекчилиги Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара жаңжалынан жакындарын жоготкон үй-бүлөлөрдүн ар бирине барып, маркумдарга куран окуп, 10 000 сомдон акчалай жардамды тапшырышкан. Мындан сырткары үйүнөн, мал-мүлкүнөн ажырагандарга 1млн сомдук күнүмдүк тиричиликке, курулушка керек болгон буюмдарды өз дарегине жеткирип беришкен.

Кочкоров кайдыгер карабаган ар бир жаранга, жамааттарга ыразычылыгын билдирди.

"Оор учурда жеке мага кайрылып, салымын кошкон Баткенфинанс жамаатынын (40 000 сом), Полковниктер клубунун (15 000 сом), Уразалиев Эркин жана Кабулова Гульбара баштаган жамааттын (24 500 сом), Курбанбеков Канатбек баштаган достор жамаатынын (21 500 сом), Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургундарынын атынан Канатбек ажынын (10 700 сом), атын атабай жеке телефонум аркылуу (1 000 сом) каражат салган бейтааныш биртуугандын баарынын Баткен элине деп берген аманаттарын өз дарегине тапшырып келдим. Өлкөбүздүн булуң-бурчунан жардамга кол сунган мекен үчүн күйгөн кайрымдуу сиздерге Баткен, Лейлек эли терең ыраазычылыгын билдиришти. Мындан ары мекенибизде тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибиз бакубат, элибиз бактылуу, байгер турмуш кечиргенди Жараткан насип этсин!", - деди саясатчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн