Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:40
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Улукбек Кочкоров "КУТ" аттуу программасын өкмөт башчыга сунуштады

17.03.2021 15:42
598
Улукбек Кочкоров "КУТ" аттуу программасын өкмөт башчыга сунуштады

Мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров өзүнүн президенттик шайлоодо алып чыккан "КУТ" аттуу программасын премьер-министр Улукбек Мариповго сунуштады. Бул тууралуу Кочкоров өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. 


Анын айтымында, ал мындай экономикалык кризис учурунда анын программасы элдин жашоосуна оң таасир этет.


"Кечээ Улукбек Асамидинович атайын кабыл алып, мен программа менен кенен тааныштырдым. Экономикалык каатчылыктын, кымбатчылыктын арааны жүрүп, элдин жашоосу күндөн-күнгө оорлошуп турган ушул учурда бул программа зарыл болуп турганын ачык айтып, элдин жашоосун жеңилдетүү үчүн Өкмөт программаны алып иштетүүсүн сунуштадым.

Бул программа мамлекетке эмне берет?

Биринчиден, мугалим, дарыгерлердин, бардык бюджеттен маяна алгандардын айлык акысы жыл сайын 3 000 сомго, пенсия жыл сайын 1200 сомго, жөлөкпулдар жыл сайын 1000 сомго көбөйүп турат. 

Экинчиден, атамекендик өндүрүш жанданат. Элди кыйнаган кымбатчылык, баалардын өсүшү ооздукталат. Доллардын баасы арзандап, сомдун куну бекемделет.

Үчүнчүдөн, жакынкы жылдары эле жакырчылык толук жоюлат. Төртүнчүдөн, мамлекет турак-жайы жок миңдеген үй-бүлөлөрдү пайызсыз ипотека менен камсыздай алат. Эң башкысы элдин турмушун жандантып, татыктуу жашоо тартуулайт. Бул үчүн сырттан карыз алуунун да зарылдыгы жок. Бул үчүн каалоо жана эрк керек. 

Убакыт күтпөйт. Утурумдук жашоо элди кыйнап жатат",- деп билдирди Кочкоров.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Ниет жакшы бирок аны аткарган уккан мансапкор барбы?