Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:38
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Улукбек Кочкоров жогору баада алынган коляскалар боюнча УКМКнын маалыматына түшүндүрмө берди

11.03.2021 09:23
944
Улукбек Кочкоров жогору баада алынган коляскалар боюнча  УКМКнын маалыматына түшүндүрмө берди

Кечээ, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги пандемия учурунда майыптар үчүн коляскаларды жогорулатылган баада сатып алганы аныкталды. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет таратты.


Маалыматка караганда, министрлик пандемия учурунда бир колясканы 57 миң сомдон сатып алган, анын базар баасы 15 миң сом болгон.


Мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, сатып алган учурда каяктан, канча сомго алганын ачык айткан. Ал оор абалдагы жарандарга көп функционалдык коляска алынганын айтты.


"Мен иштеп кеткен министрликтин жана кызматкерлердин дарегине айтылып жаткан пикирлерден улам мен өз оюмду билдирип коюуну туура көрдүм.

Мен министр болуп келгенде шал ооруусу  (ДЦП) менен ооруган майып жарандарыбыз комнатада жүрүүчү жөнөкөй колясканын ыңгайсыздыктарын айтышып, көп функционалдуу коляскага өтө муктаж экенин билдирип жатышты. Муктаждыктарын дароо эле чечип салуу мүмкүн болгон жок. Анткени, Өкмөттүн жоболорунда   көп функционалдуу коляска алууга уруксат берилген эмес эле. 

Министрлик 1 жыл талыкпаган эмгек жумшап, чуркап, Өкмөттүн тиешелүү жобосуна өзгөртүү киргизгенге жетишти. Жыйынтыгында муктаждарды көп функционалдуу коляска менен камсыздоого жол ачылды. Майыптарды көксөп күткөн көп функционалдуу коляскалар менен камсыздадык. Алардын кубанычында чек жок эле. Чексиз ыраазылыктарын айтышып, кубанычтан көз жашын агызышкан.  Биз алар үчүн жакшы иштерди жасаганыбызга ыраазымын. 

Эми бааларына токтолоюн. 15000 сомдук коляска дегени бул жөнөкөй комнатада жүрүүчү  коляскалар. Андайларды министрлик 10 миң сомдун тегерегинде сатып алган.

50 миң сомго алды делген коляскалар көп функционалдуу коляскалар. Шал ооруусу менен ооруган балдарга ылайыкталган. Тулку боюн, белин, моюнун, башын түз кармайт, чалкалатып уктаганга ылайыктап койсо болот, отуруп тамак ичкенге ыңгайлаштырылган, айтор көп функциясы бар. Албетте, мунун баасы 15 миң сом эмес. Анын баасы 100 миң сомго чейин барат. Аны ар кандай интернет сайттарынан карап көрсөңүздөр болот. 

Аныгына жетпей туруп, каңырыш угуп алып эле айта берген, жаза берген ылайыксыз нерсе. Ырас, "Москвичтин" акчасына "Мерседес" бербейт. Ар бир нерсенин өзүнө жараша баасы болот. Албетте, мыйзам бузуулар болсо, тиешелүү адамдар жооп бериши керек, бирок, министрликтин кызматкерлеринин эч кандай күнөөсү жок деп ишенем",- дейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн