Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улукбек Марипов Мамкурулуштун директоруна сөгүш жарыялоону сунуштады

19.03.2021 12:18
676
Улукбек Марипов  Мамкурулуштун директоруна сөгүш жарыялоону сунуштады

Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн, 19-мартта Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Урматбек Кокочаровго сөгүш жарыялоону сунуштады.


«Кокочаровго сөгүш жарыялоо сунушталды. Буга чейин курулуш жаатындагы бардык маселелерди чечүүгө ким тоскоол болгон? Кызматтан бошотууга чейин катуу чаралар көрүлөт», - деди ал.


Ошондой эле ал мэрдин милдетин аткаруучу Сагындык уулу Азаматка вице-мэрге сөгүш жарыялоо, ошондой эле "Бишкекводоканал" ишканасынын жетекчиси Сейдалиев ээлеген кызмат ордуна жана анын милдетин аткаруучуга ылайыктуулугун карап чыгуу сунушталаарын айтты. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдижапар Досов
Туура элэ госстройдо коруппциялык схема бар Биздин мектеп кулап кала турган абалга жеткен.жогор жак чечет деп шылтоо кылып киргизбейт.Улукбек Марипов козомол кылса жакшы болот элэ айтпаган адам калбады.Лейлек Булак Башы орто мектеби.