Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:29
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Улукбек Марипов аскер бөлүгүнө барып, аскерлердин майрамы менен куттуктады

23.02.2021 13:32
852
Улукбек Марипов  аскер бөлүгүнө барып, аскерлердин майрамы менен куттуктады


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин № 73809 аскер бөлүгүнө барды жана Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу сапка тизилүүгө катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы аскердик бөлүктүн аскер техникасы жана куралданышы, ошондой эле аскерлердин тамактандыруусунун уюштурулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Премьер-министр Улукбек Марипов аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченемин жогорулатуу тууралуу чечимге кол койгон, ага ылайык, аскерлердин рационуна колбаса, сыр, коюлтулган сүт жана жемиштер сыяктуу кошумча азык-түлүктөр киргизилген.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин ден-соолугун чыңдоо жана алардын тамактандыруусун уюштурууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми 2002-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов аскер кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, күжүрмөн даярдыктагы ийгиликтерди каалады жана жеке курамдын бош убактысын жана күжүрмөн даярдык боюнча сабактардын сапатын жакшыртуу иретинде кеңири форматтагы  мультимедиялык проектор алууга 100 миң сом өлчөмүндөгү финансылык каражатты бөлүүгө сертификатты тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн