Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов журналист Карыбек уулунун уурдалышы боюнча үн катты

07.08.2021 17:34
887
Улукбек Марипов  журналист Карыбек уулунун уурдалышы боюнча үн катты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көлдө журналист Улукбек Карыбек уулунун белгисиз адамдар тарабынан уурдалышы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Марипов социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, ал журналист менен жеке жолугушуу өткөрөт.


Урматтуу мекендештер, кечээ Facebook социалдык тармагынан Ысык-Көл облусунда Улукбек Карыбек уулу аттуу жаранды белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгы тууралуу маалымат алдым.


Ал күнү мен Ысык-Көл облусунда жумушчу сапар менен болгон элем. Сапардын жүрүшүндө селден жабыркаган райондорду кыдырып, агынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы, ошондой эле бир катар ишканалардын иши менен тааныштым.


Сапардын негизги максаты жергиликтүү калк менен жолугушуу болгон. Мен үчүн тургундардын көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү маанилүү.


Мен мекендештер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коом өкүлдөрү үчүн ар дайым ачыкмын. Калк менен жолугушуу, алардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, бийлик жана коомчулук ортосунда диалог орнотуу иретинде дал ушул негиздеги жолугушуулар өткөрүлөт. "Өз кишилерин» алдын-ала чогултуу ыкмалары эскирген, мен ал ыкмаларга терс көз караштамын.


Улукбек Карыбек уулу айткан окуянын себептерин тактоо максатында тийиштүү укук коргоо органдарына бир катар тапшырма бердим. 


Мен дүйшөмбүдө Улукбек Карыбек уулу менен жеке жолугушуу өткөрүп, Ысык-Көл облусунда болгон чатактын бардык деталдарын өз оозунан угууга даярмын. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн