Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:44
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Улукбек Марипов 60 жыл мугалим болгон Зырянованы куттуктап барды

06.10.2021 09:56
656
Улукбек Марипов 60 жыл мугалим болгон Зырянованы куттуктап барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов мугалимдерди Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкеринин күнү жана Эл аралык билим берүү күнү менен куттуктады.


«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан мугалимдерди өзгөчө жылуу маанайдагы майрамы – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкеринин жана Эл аралык билим берүү күнү менен куттуктайм. Мугалим – бул жөн гана кесип эмес, өз өмүрүн ал кесипке арноо. Ушул майрам күнү мугалимдерге сабырдуулугу, бизге төккөн мээрими жана билими үчүн ыраазычылык билдирем. Учурда мугалим болуу – ардактуу кесип гана эмес, өлкө жана эл алдындагы чоң жоопкерчилик, анткени, дал ушул мектепте келечектеги жарандын жана эл-жерин барктаган патриот инсандын негизи түптөлөт. Биз мугалимдердин талыкпас эмгеги жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билидербиз. Ошол эле учурда мугалимдерди экинчи ата-эне катары урматташыбыз керек. Мамлекет өз кезегинде билим берү кызматкерлеринин эмгек шартын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайт. Кымбаттуу мугалимдер, сиздерге бакыт, чың ден-соолук, бакубаттуулук жана ийгиликтерди каалайм», - деди ал.


Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти мугалимдерге, дарыгерлерге жана маданият тармагынын кызматкерлерине өзгөчө көңүл бурат.


«Бүгүнкү күндө биздин мугалимдер, дарыгерлер жана маданият тармагынын кызматкерлери татыктуу маяна акы жана социалдык камсыздоо алуусу үчүн бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу иретинде бардык аракеттер көрүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы биз медициналык кызматкерлердин жана маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулаттык. Эми мугалимдердин айлык акысынын өлчөмү жогорулатылат, анткени, биздин мамлекетибиздин келечеги элдин билим деңгээлинен көз каранды. Мугалим кесибинин кадыр-баркын жогорулатуу зарыл», - деди Улукбек Марипов.


Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын эл мугалими Антонида Зырянованын абалынан кабар алды.


«Сиз 60 жылдан ашуун мезгил бою эмгегиңизди мамлекетке арнап, бир катар муунга билим-тарбия бердиңиз. Бүгүнкү күнү да билим жана тажрыйбаңызды жаш муундарга тартуулап жатасыз», - деди ал.


Кыргыз Республикасынын эл мугалими Антонида Зырянова куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирди.


«Биз, мугалимдер, мамлекет тарабынан бизге көңүл бурулуп жаткандыгына ыраазыбыз. Мен, тарых мугалими катары биздин республикабыз көптөгөгн тарыхый окуяларды башынан өткөргөндүүгн айтып кетким келет, ал эми анын тарыхы – келечекте коомдун жана мамлекеттин жашоосунда маанилүү ролду ойгноочу жаш муунду тарбиялоо үчүн бай материал болуп саналат. Сизге катардагы мугалимге куттук айтып, көңүл бөлгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирем», – деди ал.


Улукбек Марипов белгилегендей, бүгүн борбордун мэри жана Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 8 элдик мугалимди Мамлекет башчысынын жана Министрлер Кабинетинин атынан куттукташат.


Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардактуу наамы 25 педагогго ыйгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн