Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:46
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Улукбек Марипов: 7 айдын жыйынтыгы боюнча экономикада өсүш бар

25.08.2021 16:45
1012
Улукбек Марипов: 7 айдын жыйынтыгы боюнча экономикада өсүш бар

Ушул жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча экономикада оң жылыштар бар, ошол эле учурда алдыда иштеле турган маселелер арбын. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов биринчи жарым жылдыкта өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын караган министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында билдирди, - деп кабарлайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.


«Товарды маркалоо ишке киргизилди, ал бюджетти салыктык кирешелер менен толтурууга шарт түзө баштады. Быйыл бюджеттик каражаттын тартыштыгына, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө кеткен чыгымдарга карабастан, биз бир катар салыктарды төлөөдөн бошотуу жана салыктык жеңилдиктерди түзүү боюнча белгилүү кадамдарды жасадык. Бул аракеттерди Кыргыз Республикасынын президенти да колдоду. Экономикалык жана фискалдык саясаттагы айрым чаралардын натыйжасында салыктын ар бир түрү боюнча салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 20дан 40%га чейин жогорулады. Ошондой эле, бул жылы медицина, маданият жана аскер кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылды», – деди ал.


Улукбек Марипов белгилегендей, өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн