Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улукбек Марипов 7 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген баладан кабар алды (Фото)

27.04.2021 10:07
779
Улукбек Марипов 7 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген баладан кабар алды (Фото)

Премьер-министр Улукбек Марипов ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы тарбиялап жаткан  Сонунбү Сатарованын абалынан кабар алды. Бул тууралуу Марипов социалдык тармактагы баракчасына жазды


"Ар бир эне өзгөчө балдар мамлекеттин жана коомдун колдоосуна муктаж. Биз бири-бирибизге көтөрүмдүү болуп, муктаж болгондорго жардам берип, сабырдуу жана сый-урмат мамиледе болушубуз керек. Боорукердик жана мээримдүү мамилебиз биздин адамдык бийик сапатыбызды арттырып, күчтүү кылат. Балдарыңыз оорубасын, алар акылдуу болуп өсүп жана сизди ийгиликтери менен кубандырсын.


Үйдүн кожойкеси өз көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Анын 8 жаштагы кызы бюрократиялык тоскоолдуктардан улам али мектепке бара элек.


Сонунбү Сатарованын кызы үчүн мектепте окуу маселеси чечилгенин жана 1-сентябрдан тарта ал мектепке бара ала тургандыгын айттым, материалдык жана социалдык абалына карабастан, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары билим алууга бирдей мүмкүнчүлүгү бар.


Ыйык Рамазан айында Сонунбу Сатарованын үй-бүлөсү менен биргеликте ооз ачар өткөрдүм.


Үй-бүлөгө жардам көрсөтүп, аларга ден-соолук, күч-кубат жана узак өмүр кааладым",- деп билдирүү калтырган премьер-министр.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн