Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:00
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Улукбек Марипов Аравандын акимине сөгүш жарыялап, тез чара көрүшүн тапшырды

13.03.2021 16:41
718
Улукбек Марипов Аравандын акимине сөгүш жарыялап, тез чара көрүшүн тапшырды

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Араван районунун тургундарынын көйгөйлөрү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, Улукбек Марипов пландан тышкары борбордук базардын жанына токтоп, продукциялардын баалары жана сунушталган ассортимент менен таанышкан.


"Азык-түлүк жана мунай зат бааларынын кымбатташы - бул дүйнөлүк тенденция. Баалар дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө өсүп жатат жана биздин өлкө дагы мындан четте калган жок. Импортко көз каранды болбош үчүн эң көп талап кылынган тамак-аш азыктарын, атап айтканда, өсүмдүк майын жана шекерди өзүбүз өндүрүшүбүз керек. Биздин максатыбыз - дыйкандарга келечекте өз продукциясы менен ички рынокту камсыз кылыш үчүн колдон келишинче колдоо көрсөтүү. Биз дыйкандарга бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Дизелдик отун маселеси чечилди, дыйкандар керектүү өлчөмдө камсыз болот", - деген Марипов.


Андан кийин жергиликтүү жашоочу өкмөт башчыга таштанды маселесин айтып, жергиликтүү бийлик буга көңүл бурбай жаткандыгын айткан.

Улукбек Марипов бул көйгөйгө жеке өзү ынанып, иш-аракетсиздиги үчүн район акимине сөгүш жарыялаган.

Мындан тышкары, өкмөт башчы ачуусу менен бир күндүн ичинде аймакты таштандыдан тазалоону тапшырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн