Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улукбек Марипов Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

01.03.2021 08:52
951
Улукбек Марипов Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

Премьер-министр Улукбек Марипов Айсулуу Тыныбекованы Украинанын борбору Киев шаарында өткөн эл аралык турнирде жеңишке жеткендиги менен куттуктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Урматтуу Айсулуу Болотовна! Алтын медалыңыз менен куттуктайм! Сиздердин жеңишиңиздерди кызыгуу менен көрүп, сыймыктануу менен кабыл алдык. Бүгүнкү жетишкендигиңиз тынымсыз эмгек, талыкпас машыгуулардын жыйынтыгы болду десем жаңылбайм.

Сиздин жеңишиңиз элибиздин духун көтөрүп, жаштарыбыздын ишенимин бекемдеген жалпыбыздын сыймыгыбыз!", - деп жазды Марипов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн