Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Улукбек Марипов Баткенде сел каптаган Газ, Согмент айылдарына барды

22.07.2021 12:13
499
Улукбек Марипов Баткенде сел каптаган Газ, Согмент айылдарына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусунун Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарына барды. Сел ташкындарынан улам келип чыккан өзгөчө кырдаалдар кесепетин жоюу иштери менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.


Сел кырсыгы орун алган жерге КР ӨКМ күчү тартылган. Зарыл болгон учурда дагы кошумча күчтөр тартылат. Атайы техниканын жардамы менен кыска мөөнөттө жолдорду, турак-жайлардын жана башка имараттардын аймагын тазалоо иштерин жыйынтыктоо керектигин белгиледи. Адамдар тез арада кадимки жашоо нугуна кайтуусу үчүн колдон келген күч-аракеттерди жумшоо зарыл. 


Адамдардын коопсуздугу баарынан жогору турат, өзүнүн жана жакындарынын өмүрү үчүн кооптуу шартта жашоого мүмкүн эмес. Жергиликтүү бийлик органдары мамлекеттик органдар менен биргеликте табийгат кырсыктарынын алдын алуу боюнча мындан аркы иш-аракеттердин планын түзүүсү тийиш. Бул багытта ийгиликтүү иш алып барган башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөө зарыл.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн