Баш оона 22, 2025
Убакыт: 02:24
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Улукбек Марипов Беларусь өкмөт башчысы Роман Головченко менен жолугушту

05.02.2021 09:52
659
Улукбек Марипов Беларусь өкмөт башчысы Роман Головченко менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушуу алкагында өкмөт башчылар ар кыл тармактагы кыргыз-белорус кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, эки өлкөнүн экономикалык потенциалын кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана эл кызыкчылыгын аркалаган ишиндеги ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылар жакынкы арада Бишкек шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-белорус өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын X кеңешмесин жана Ишкер форумун өткөрүүнү макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн