Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:04
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Улукбек Марипов Бишкекте өткөн жарманкеге барды

06.03.2021 17:34
718
Улукбек Марипов Бишкекте өткөн жарманкеге барды

Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөрү менен түз келишимдерди түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы айыл чарба жарманкесине барганда айтты, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.


Жарманкеге келгендер пенсионерлерге жана калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилген азык-түлүк баасынын жогорулашына тынчсыздануу билдиришип, тамак-аш азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишин сындашты.

Өз кезегинде соода компаниясынын өкүлү кумшекердин баасынын көтөрүлүшүнөн улам продукцияны сатуу боюнча кыйынчылыктар байкалып жатканын айтып берди.

Премьер-министр келтирилген жүйөөлөр менен макул болуп, азыркы учурда Өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн бардык мүмкүн болгон күч-аракеттерин жасап жатканын баса белгиледи.

«Азык-түлүк коопсуздугу, негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана андан кийин жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул кадамдар өсүмдүк майынын жана кумшекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүк майын өндүрүү үчүн ылайыктуу дараметибиз бар. Мен мурдараак кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшырганмын. Биздин негизги максатыбыз – тамак-аш азыктарында импорттун үлүшүн 50% чейин азайтуу болуп саналат», - деди Улукбек Марипов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн